"Ала-Тоо" маалымат программасы: жума, 16.10.2020 (21:00)

1250

1. Сооронбай Жээнбеков өз ыйгарым укуктарын тапшырды. Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп, Жээнбековдун кызматтан кетүү боюнча арызы кабыл алынды.

2. Камчыбек Ташиев Улуттук Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп дайындалып биринчи маалымат жыйынын өткөрду.

3. Бүгүн өлкөдө дагы 431 адамдан коронавирус табылды. Ооруга чалдыккандардын көбү Бишкек шаары менен Ош облусунда катталды. Илдет дүйнөнүн бир канча өлкөлөрүндө да күчөп жатат.

4. Кыргызстанда салынып жаткан 27 мектептин курулушу графикке ылайык жүрүп жатат. Окуу имараттары кийинки жылдан тарта колдонууга бериле баштайт.