"Ала-Тоо" маалымат программасы: шаршемби, 13.01.2021 (21:00)

426

1. Өлкө жарандары Президент менен бирге мамлекетти башкаруу формасын тандады. Алдыда ага шайкеш келген баш мыйзамдын жаңы долбоору жалпы элдик добуш берүүгө коюлат. 

2. Бет кап кийип, аралыкты сактоону унутпай, улантыңыз! Акыркы суткада Кыргызстанда 92 кишиде коронавирус менен жугуштуу пневмония аныкталып, бир бейтап каза болду.

3. Жогорку окуу жайларда билим алгандардын окуу акысы кыскартылбайт. Билим берүү жана илим министрлиги себебин түшүндүрдү.

4.Өлкөдө ушул апта соңуна чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. 13нөн 16-январга чейин көпчүлүк аймактарда кар жаап, тоолуу райондордо көчкү түшүү ыктымалдыгы жаралат.