Өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн
КТРК жаңылыктары
Өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

"2-3-июндарда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт", - деп айтылат маалыматта.