Узакка созулган оорудан улам КТРК сайтынын жетекчиси Нурзат Ниязова көз жумду
КТРК жаңылыктары
Узакка созулган оорудан улам КТРК сайтынын жетекчиси Нурзат Ниязова көз жумду

Узакка созулган оорудан улам, 39 жаш курагында биздин кесиптешибиз Ниязова Нурзат Шаабековна дүйнөдөн кайтты. Биз чогуу иштеген кесиптешибизди гана эмес, өз ишин мыкты билген профессионал, чыныгы инсандык сапаттарга ээ болгон мыкты адамды жоготтук.

Ниязова Нурзат Шаабековна 1981-жылы 12-ноябрда Бишкек шаарында төрөлгөн.

1999-жылы И.Арабаев атындагы мамлекеттик университетинин алдындагы гуманитардык билим институтунун котормочу адистиги боюнча факультетин аяктаган.

2006-жылы Корпорациянын курамындагы Республикалык радиотеле борборго ишке алынып, КТРКнын расмий сайтынын калыптаныш мезгилинен бери эмгектенген.

2015-жылдан тартып, Ниязова Нурзат Шаабековна КТРКнын расмий сайтын колдоо бөлүмүндө жетекчилик кызматында иштеп келген. Расмий сайттын калыптанышына жана өнүгүшүнө чоң салымын кошуп, сайттын медиа тармагына чыгышына көп эмгек жумшаган. Артында үй-бүлөсү, эки баласы калды.

Ниязова Нурзат Шаабековнанын жаркын элеси, мыкты адамдык сапаттары жана кылган эмгеги жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат!

Дүйнөдөн мезгилсиз кайткан Ниязова Нурзаттын үй-бүлөсүнө жана жакындарына КТРК жетекчилиги жана эмгек жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.