COVID-19: Оорудан айыккан жарандар кандай тамактануу керек? Адистин жообу
Коронавирус
COVID-19: Оорудан айыккан жарандар кандай тамактануу керек? Адистин жообу

«Коронавирустан айыгып чыккан жарандар ден соолугун кайра калыбына келтирүү үчүн туура тамактануусу керек. Толук баалуу жана туура тамактану зарыл», - деп билдирди Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамактануу гигиенасы боюнча санитардык дарыгери Умут Сатыбалдиева.

- Күнүнө 500 гр дан кем эмес жашылча – жемиштерди, 150 гр табигый чөп-чарларды кошуу керек. Жашылча –жемиштердеги витаминдердин рациондо болушу абдан пайдалуу. Мисалы, С витамини капуста жана башка жашыл түстөгү жашылчаларда көп болот.

- Ооруган адам тузду 5гр дан ашык ичпеши керек. Туздалган, ышталган эт азыктарын кошумча туздоодон же консерваларды, тез даярдалуучу тамак-аштарды колдонуудан баш тартып туруу зарыл. Туздан башка шекер, углеводдуу кондитер азыктарын, таттуу суусундуктарды чектөө керек. Алар патогендүү оору козгоочу микроорганизмдердин көбөйүшүнө өбөлгө түзөт.

- Суюктукту 1,5 литрге чейин чектөө зарыл. Жылуу (бөлмө температурасы) жана таза суу ичүү шарт. Эгерде, дене табы көтөрүлсө 2 литрге чейин ичүүгө болот.

- Рациондо сөзсүз түрдө майлуу эмес эттен жасалган, жашылчадан жасалган шорполорду жана сүт азыктарын колдонуу керек. Жаш малдын этинен жасалган шорполорду бир жумада эки жолу берүүгө болот. Куш эттери: тоок, индюк эттерине жана балык, деңиз азыктарына көбүрөөк көңүл буруу керек. Бул азыктарда омега 3 май кислотасы бар.

- Витаминдер көбүрөөк сунушталат. Алар организдмн кайра калыбына келишине жардам берет. Мисалы, Д витаминин препарат катары же кошумча тамак-аштан колдонсо болот. А витамини пайдалуу болгон суюк майларда: оливка жана башка майлардан табууга болот.