Боронов: эпид кырдаал толугу менен жакшырып кетти деп айтуу азырынча эрте
Коронавирус
Боронов: эпид кырдаал толугу менен жакшырып кетти деп айтуу азырынча эрте

"Кыргызстандагы эпид кырдаал толугу менен жакшырып кетти деп айтуу азырынча эрте. Ошондуктан коомдук жайларда, билим берүү мекемелеринде кабыл алынган алгоритмдерге ылайык санитардык-эпидемиологиялык талаптар күчөтүлөт", - КР Премьер-министри Кубатбек Боронов.

Ошол эле учурда Өкмөттөн жаз-күз мезгилинде каптоочу сасык тумоодон алдын алуу үчүн 21-августта гриппке каршы вакцина сатып алуу максатында 221,5 млн сомго буйрук чыгарылды. Бул каражатка 700 миң доза вакцина сатылып алынат. Биринчи кезекте балдар, мугалимдер, калктын аярлуу кармарлары жана дарыгерлер эмделет.