Кореянын эки анимациялык тасмасы КТРКнын "Баластан" каналынан көрсөтүлөт
КТРК жаңылыктары
Кореянын эки анимациялык тасмасы КТРКнын "Баластан" каналынан көрсөтүлөт

"Арт Одиссия" жана "Пороро Маленький  Пингвинёнок" аталган кореянын эки анимациялык тасмасы Коомдук каналдын эфиринен көрсөтүлөт. 

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Жайнак Үсөн уулу менен Корея Республикасынын Толук жана Ыйгарым Укуктуу элчиси Ха Тэ Ёк кол койгон лицензиялык келишимдин негизинде анимациялык тасмалар Коомдук каналга берилди.

"Арт Одиссия" тасмасы КТРКнын "Баластан" каналында күнүгө кечки саат 19:30да 2-сентябрдан 7-октябрга чейин, "Пороро Маленький Пингвинёнок" тасмасы 7-октябрдан тартып аталган балдар каналында көрсөтүлмөкчү.