ПЧР анализин алуучу лаборанттар онлайн окутулууда
Коронавирус
ПЧР анализин алуучу лаборанттар онлайн окутулууда

Коронавирус пандемиясы өлкөдө медицина кызматкерлери, анын ичинен лаборатория адистери канчалык таңсык экенин көрсөттү. Жүргүзүлгөн анализдердин жыйынтыгынан илдетти даарылоодогу кийинки кадам кандай болору түздөн-түз көз каранды. 

Эпидемиологиялык абалда ПЧР анализин алуучу лаборанттар онлайн окутулууда. Адистердин айтымында бул өлкөдө пандемиянын экинчи толкунуна көрүлүп жаткан даярдыктын бир бөлүгү.

Максат Жумабеков Бишкектеги ветеринардык-санитардык лобараториялардын биринде эмгектенет. Ал буга чейин күнүнө ондогон жаныбарларга лабораториялык анализ жүргүзсө, эми өзүнүн тармагынан алыс болгон, коронавирус инфекциясын аныктоочу ПЧР анализин алуу ыкмасын үйрөнүп жатат. 

ПЦР анализи башка анализдерден жыйынтыгынын ылдам чыгышы менен айырмаланат. Алгач ооз жана мурун көңдөйүнөн үлгү алынып, анализдин жыйынтыгы чыкканга чейин атайын адистин көзөмөлүндө болот. 

Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун вирусология лабораториясы жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму биргеликте жүргүзүп жаткан окутуу тренингине өлкөнүн 7 дубанынан келген лаборанттар катышууда. Иммундук ферменттик анализ менен иштегендер тажрыйбасын жогорулатуу үчүн 1 жума, ал эми ПЧР анализин билбегендер базалык окутууну кошкондо 2 апта окушат. 

Бул аткарылып жаткан иштер экинчи толкунга даярдык дешет адистер. Эл аралык донорлордун жардамы менен өлкө аймактарында дарт аныктоочу 10 лобараториянын курулушу башталган. Тест менен иштегенди өздөштүрүп, сертификаттарга ээ болгондон кийин бул адистер аймактагы лабораторияларга жиберилет.