Жалал-Абад: медкызматкерлер компенсациялык төлөмдөрдү алды
Коронавирус
Жалал-Абад: медкызматкерлер компенсациялык төлөмдөрдү алды

Жалал-Абад облусунун 2 миң 714 медкызматкери август айы үчүн 37 млн 272 миң 900 сом компенсациялык төлөмдөрдү ала баштады. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, фонд тарабынан август айында Жалал-Абад облустук ооруканасына 4 миллион сомдон ашык компенсациялык төлөмдөр чегерилген.