Иш күндөрү коронавирус менен ооругандар көп катталууда
Коронавирус
Иш күндөрү коронавирус менен ооругандар көп катталууда

Коронавирус илдетине чалдыккан бейтаптарды каттоо дем алыш күндөргө караганда иш күндөрү жогору болот. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, бул дем алыш күндөрү жарандардын медициналык жардамга аз кайрылышына байланыштуу.

«COVID-19 менен ооругандарды дарылоого жана кабыл алууга ылайыкталган бардык ооруканалар жумасына жети күн  күнү-түнү иштешет. Андыктан, алгачкы белгилери байкалганда, иш күндөрүн күтпөстөн медициналык жардамга кайрылууну суранабыз. Дарылоонун эрте башталышы - тез сакайып кетүүнүн ачкычы », - деди Айнура Акматова.

Жалпысынан өлкөдө пневмония жана COVID-19 жугуштуу ооруларынын 44 761 учуру катталган.