Дүйнөдө коронавирустук инфекциянын рекорддук өсүшү катталды
Коронавирус
Дүйнөдө коронавирустук инфекциянын рекорддук өсүшү катталды

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнөдө коронавирустук инфекциялардын рекорддук өсүшүн каттады. Дүйнөдө акыркы суткада 307 930 инфекция учуру аныкталды.  Мурунку анти-рекорд 6-сентябрда - 306 857 учур катталган.

ДССУнун маалыматы боюнча, дүйнөдө бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 28 637 952 адамга жетип, 917 417 адам каза болду.

Оорунун көбү Түндүк Америка менен Түштүк Америкада жүрүүдө. Оору менен жабыркагандардын саны 14,7 миллион адамга жетти. Кийинки баскычта Түштүк-Чыгыш Азия туруп,  - 5,4 миллион жаран каттоого алынды.  Европада - 4,8 миллион адам илдет менен жабыркоодо.