Жумгал эли сапырылган чаңдуу жолдон тажашты
Элдик репортер
Жумгал эли сапырылган чаңдуу жолдон тажашты

Нарын облусундагы Жумгал районунун эли сапырылган чаңдуу жолдон түйшүк тартышууда. Бул жол аркылуу Кара-Кече көмүр кенинен оор жүк ташыган унаалар күнү-түнү катташат. Жолдун абалы өтө эле начар болгондуктан, унаалар өткөндө чаң сапырылып, айрыкча Баш-Кууганды айылын каптайт. Айыл тургундары тийиштүү органдар бул маселени тез арада чечип беришин суранып "Элдик репортерго" билдирүү жөнөтүшкөн. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.