Кыргызстанда басылган түшүндүрмөсү жок англис тил китеби ата-энелерге оорчулук жаратууда
Элдик репортер
Кыргызстанда басылган түшүндүрмөсү жок англис тил китеби ата-энелерге оорчулук жаратууда

Кыргызстанда басылып чыккан түшүндүрмөсү жок 5-класстын англис тил китеби окуучулар жана ата-энелер үчүн оорчулук жаратууда. Бул тууралуу автор "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн.

Китептин ичин ачсан жалаң англис тилинде жазылган. Бир дагы түшүндүрмөсү жок. Балдар үй тапшырмаларында кыйналып жатышат, ата-энелер кантип жардам берет, эгерде түшүндүрмөсү жок болсо. Ушул маселени Билим берүү министрине жеткирип койсоңуздар,- дейт билдирүүсүндө. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.