Композитор Калыйбек Тагаев 80 жаш курагында дүйнөдөн кайтты
Кыргызстан жаңылыктары
Композитор Калыйбек Тагаев 80 жаш курагында дүйнөдөн кайтты

Кыргыз Республикасынын эл артисти, обончу жана композитор Калыйбек Тагаев 80 жаш курагында оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Композитордун сөөгү, жума күнү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат. 

Калыйбек Тагаев Ат-Башы районунун Бирлик айылында 1940-жылы 14-апрелде туулган. Обончу-композитор жараткан 120дан ашык обондун көпчүлүгү жарым кылымдан ашык убакыттан бери эл оозунан түшпөй ырдалып келет. Көпчүлүгү элдик ырга айланып кеткен. 

Маркумдун 60га жакын обондору Кыргыз радиосунун «Алтын казынасына» жазылып алынган. Калыйбек Тагаевге 1992-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, 1997-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамдары берилген.