Чүйдүн Ленин айыл аймагынан өндүрүлгөн сүт азыктары өлкөнүн бардык аймактарында сатылууда
Кыргызстан жаңылыктары
Чүйдүн Ленин айыл аймагынан өндүрүлгөн сүт азыктары өлкөнүн бардык аймактарында сатылууда

Чүйдүн Ленин айыл аймагынын Константиновка айылындагы асыл тукум ферма суткасына орто эсеп менен 500 литрге чейин сүттү кайра иштетет. Завод табигый, таза сыр, каймак, айран жана башка экологиялык жактан таза азыктарды өндүрөт. Бүгүнкү күндө ферманын сүт-азыктары өлкөнүн бардык аймактарына сатыкка чыгарылат.

Мындагы асыл тукум сүт багытындагы уйлар Канададан алынып келинген. Азыр фермада 30 саан уй, 12 куунажын жана 18 баш торпок бар. Экололгиялык жактан таза сүт азыктарын өндүрүү үчүн, адегенде жогорку сапаттагы сүт керек. Ал эми сапаттуу сүттү алуу үчүн саан уйларга өз убагында жем-чөбүн берип туруу керек. Буга чейин ферма сүттү башка өндүрүштөргө өткөрсө, бир жылдан бери өздөрү сүт азыктарын өндүрө баштады. Мисалы, мында айран, сыр, сүзмө, быштак жана башка азыктар өндүрүлөт.

Бул асыл тукум ферма суткасына орто эсеп менен 500 литрге чейин сүт чыгарат. Азырынча өндүрүш анчалык деле чоң эмес. Бирок чарба продукциясына суроо-талап жогору болгондуктан ферманы кеңейтүү жагы каралууда.