Интернет тартпаган Кара-Булак айылында окуучулар кандай билим алышууда?
Элдик репортер
Интернет тартпаган Кара-Булак айылында окуучулар кандай билим алышууда?

Кыргызстандагы алыскы аймактарда окуучулар интернеттин жоктугунан, байлыныштын татаалдыгынан пандемия башталгандан бери аралыктан окуй албай көп түйшүк тартып келишүүдө. Дал ушундай көйгөй менен Ош облусунун Араван районуна караштуу Кара-Булак айылынын Абдижалил кызы Гулбарчын аттуу тургуну "Элдик репортер" рубрикасына билдирүү жөнөткөн. 

Анын айтымында, Мен көрсөтө турчу көйгөй айылдын мобилдүү жана интернет байланышынын жоктугунан, балдар 3-4 км жолду басып, онлайн сабакка бара жаткандыгын көрсөтөйүн жана буга чара көрүлөбү деген өңүттө кайрылып жатам. Биздин айылга суук түшүп калды. Эми бөөрү, чөөлөр келе баштайт. Ал эми мектептин алыстыгы 7 км. Тоо аралай басышат. Транспорт маселеси чечилген эмес. Жергиликтүү бийлик көңүл буруп койсо, - дейт билдирүүсүндө. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.