Сааттын ичине отуруп сүрөт тарткан киши
Мультимедиа
Сааттын ичине отуруп сүрөт тарткан киши

Эгерде сиз Амстердамдагы аэропортто болуп калсаңыз, имаратта жайгашкан өзгөчө саатка күбө болосуз. Саатты карап, ичинде жүргөн адамга таң калып, а түгүл бооруңуз ооруп кетиши да мүмкүн.

Бирок бул реалдуу көрүнгөн жөн гана видеоролик. Анткени менен, видеону жасоо үчүн Маартен Баас аттуу дизайнер сааттын ар бир мүнөтүн тарттырган.

Бул өзгөчө идея аэропорттун конокторуна жагып, суктанып карагандар көп болууда.