Токойдогу күзгү жана жаныбарлардын реакциясы
Мультимедиа
Токойдогу күзгү жана жаныбарлардын реакциясы

Кызык, джунглинин жапайы жаныбарлары күзгүдөн өздөрүн көргөндө кандай реакция кылышмак? Мына ошону билүү үчүн франциялык сүрөтчү Ксавье Хюберт Биер Габондун токойлорунун ортосуна чоң күзгүлөрдү орноткон.

Ал эми жакын жерде жайгашкан камера бир нече күн бою күзгүнүн алдында эмне болуп жаткандыгын жазып алган.

Бул убакыт аралыгында, ар кандай жаныбарлар күзгүдөн чагылышын карап көрүштү. Алардын арасында ягуар, горилла, ал тургай, пил да бар.  

Кээ бир жаныбарлар күзгүдөгү чагылышууга суктанып карашса, башкалары агрессия көрсөтүшүп, үчүнчүлөрү тааныш жерлерде пайда болгон түшүнүксүз нерсени жайбаракат карап турганын көрүүгө болот.