Укмуштуудай тоо текелери тартылуу күчүн жеңип, дамбага чыгышат
Мультимедиа
Укмуштуудай тоо текелери тартылуу күчүн жеңип, дамбага чыгышат

Италиядагы тик дамбага тартылуу күчүн жеңип чыгып бараткан тоо текелеринин укмуштай көрүнүшү. Тоо текелердин жашоосуна маанилүү болгон жердин айрым элементтери дамбада кездешет.

Дамба таштардан курулгандыктан сууда эриген маанилүү минералдар бар. Бул туздар жана минералдар болбосо, алардын сөөктөрү өспөй, нерв системасы жана булчуңдары жакшы иштебей  калат.

Видеодо байкалгандай эне менен баланын ортосунда бекем байланыш бар, энеси кайда барбасын бала аны ээрчип жүрөт. Жыйынтыгында тоо текелер максатына жетет.