Япония 2023-жылдан баштап аэротаксини ишке киргизүүнү пландап жатат
Мультимедиа
Япония 2023-жылдан баштап аэротаксини ишке киргизүүнү пландап жатат

Япониялык SkyDrive компаниясы 2023-жылы ушул эле аталыштагы аэрокомпаниянын коммерциялык ишин баштоону пландаштырууда.Бул тууралуу The Japan Times басылмасы жазып чыкты.

SkyDrive - эки кишилик аба такси, анда бир гана жүргүнчү жана учкуч болот. Бул eVTOL тибиндеги тик учуп конуучу унаа.

"Аппарат 2017-жылдан бери иштелип келет, анын  узундугу 3,6 метр, туурасы 1,7 жана бийиктиги 1,1метр. Ал бир нече ондогон заряд менен максималдуу учуу диапазону аркылуу саатына 100 чакырымга чейин ылдамдыкка жете алат. Бийиктиги болсо 50 метрге чейин көтөрүлөт.Ал эми жүк көтөрүмдүүлүгү - 400 килограмм ", - деп жазылат маалыматта.

Кызыгы, дал ушул Япон өкмөтү долбоорду жарым-жартылай каржылайт жана 2023-жылы эле коммерциялык ишке киришүүнү талап кылууда. Анткени өкмөттүн максаты - ири шаарлардагы тыгындарды азайтуу, ошондой эле тоолуу аймактарды жана чакан аралдардагы калктуу конуштарды жеткиликтүү кылуу болуп саналат.

SkyDrive Inc компаниясынын директору Томихиро Фуказава 2050-жылы Токионун 23 районунда 10 мүнөттүн ичинде керектүү жерге жетүүгө болот деп ишенет.