Өлкөдө сутка ичинде коронавирус 556 адамдан табылып, 4 адам каза болду
Коронавирус
Өлкөдө сутка ичинде коронавирус 556 адамдан табылып, 4 адам каза болду

 Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 556 адамдан табылып, 4 адам каза болду. 

Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Маалыматка ылайык, коронавирусту Бишкекте - 149, Ош шаарында - 34, Чүй облусунда - 67, Ош облусунда - 75, Талас облусунда - 23, Нарын облусунда 4, Ысык-Көл облусунда - 35, Жалал-Абад облусунда - 83, Баткен облусунда - 86 адам жуктуруп алган. Ал эми акыркы бир күндө 287 адам сакайып чыкты. Аталган илдеттен жалпы 47 миң 337 адам айыкса, 55 миң 144 киши ооруга кабылган. Өлкө аймагындагы стационарларда 3 миң 300 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 871 киши дарыланууда. 

Сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 3, үй карантининен 10 медкызматкер чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 569 учур катталды, алардын ичинен 3 251 медкызматкер айыгып чыкты.