Ак-Кудук айыл өкмөтүндөгү тамтыгы чыккан жол
Элдик репортер
Ак-Кудук айыл өкмөтүндөгү тамтыгы чыккан жол

Тасманын автору Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн Сегизинчи март айылынын тамтыгы чыккан жолун видеого тартып жөнөткөн. Анын айтымында, Жолдон эл кыйналып бүттү. Орто жолдо унаалардын тетиктери бузулуп, жолдо калган канчалаган элди көрөсүң. Жогору жактагылар көңүл буруп койсо,- деген автор "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн.

Видеодо көрүнүп тургандай, жолдун ар кайсы жери жыртык-тешикке толуп, шыйпыр жолго айланып калган.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.