Ала-Бука районунун оюлган унаа жолу
Элдик репортер
Ала-Бука районунун оюлган унаа жолу

Ала-Бука районунун Орток-Бел аймагындагы жол кейиштүү абалда. Канча жылдан бери көңүл бурулбай келет. Бул жол Көк-Серек, Көк-Таш, Айры-Там айыл өкмөттөрүн район менен байланыштырып турат. Ар кайсы жери чуңкур болгондуктан унаалардын жүрүшүнө кыйынчылык жаратып, карапайым элди түйшүккө салууда. Автордун айтымында, Качан гана чоңдор келерде жолду түздөп, түрттүрүп калышат. Ага чейин көңүл бурган адам жок. Эми азыр премьер келет дегенде мына мынтип жолду үстүнөн түздөп жатышат. Качан асфальт төшөлүп жолубуз оңдолот, - деген билдирүүсүндө. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.