Жирафтардын мушташын көрдүңүз беле?
Мультимедиа
Жирафтардын мушташын көрдүңүз беле?

Түштүк Африкада видеого тартылып калган адаттан тыш жирафтардын мушташы. Видеодо ачууланган эки жирафтын бири-бирин муштум кылууга аракет кылып, узун моюндарын шилтеп жатышканын көрүүгө болот.

Эркек жирафтар моюндары менен согушушат, анткени дененин ошол бөлүгү алардын эң күчтүү куралы. Кармаш учурунда жирафтын максаты - атаандашын жыгуу.

Жаныбарлар адатта ургаачысы үчүн же өзүнүн үстөмдүгүн көрсөтүү үчүн мушташат деп белгиленет. Кармаш учурунда каршылаштар бири-бирине мүйүздөрдү колдонуп, чыныгы жаракат келтирүүгө аракет кылышат. Кээде жирафтар ар кандай жырткычтын баш сөөгүн туяктары менен талкалап да салышат.

Видеону Уолтер Беккер деген адам тартып алган. Анын айтымында мындай жирафтардын мушташын документалдуу фильмде гана көргөн.


Жирафтардын күрөшү сырттан караганда абдан күлкүлүү көрүнөт. Социалдык тармактын колдонуучулары арасында видео абдан популярдуу болуп жатат.