Араван, Өзгөн, Ноокат жана Кара-Суу райондоруна карантиндик чектөөлөр 13-ноябрга чейин күчүндө болот
Коронавирус
Араван, Өзгөн, Ноокат жана Кара-Суу райондоруна карантиндик чектөөлөр 13-ноябрга чейин күчүндө болот

Ош облусунун Араван, Өзгөн, Ноокат жана Кара-Суу райондоруна киргизилген карантиндик чектөөлөр 13-ноябрга чейин күчүндө болот. 

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн  билдиришкендей, аймакта той-аш өткөрүүгө, мал, кийим-кече базарларына жана жума намазга барууга  тыюу салынган. Район  аралык коомдук транспортторго чектөө коюлган. Бирок, азык-түлүк базарлары,  дарыканалар, банктар иштеп жатат. Ош облусунун аталган 4 районундагы карантиндик чектөөлөр 18-октябрдан тартып күчүндө.

Кошумчалай кетсек, коронавирус өлкөдө катталгандан тарта 61 309 киши ооруга чалдыкты. 

Вирусту жуктуруп алгандар Бишкек шаарында 21 005; 

Жалал-Абад облусунда 7572; 

Чүй облусунда 6906; 

Ош облусунда 6851; 

Баткенде 5792;  

Ысык-Көлдө 4810;  

Ош шаарында 4603;  

Нарында 1882; 

Таласта 1888. 

Ошол эле учурда  52 343 бейтап сакайды, 1167си каза болду. Октябрь айынан бери вирус күчөп, өлкөдө эпидемиологиялык абал курч болууда.