Трансформатордун жанындагы таштанды төгүүчү жай кооптуулук жаратууда
Элдик репортер
Трансформатордун жанындагы таштанды төгүүчү жай кооптуулук жаратууда

Бишкек шаарындагы Камбаралы Бобулов менен Пушкин көчөсү кесилишкен жердеги трасформатордун алдын таштанды төгүүчү жай кылып алышкан. Таштандыларды унаалар менен келип таштап кетишет. Оттун күлүн да ташташат. Ысык күлдү таштагандыктан мына мынтип өрт чыгат, эгер өрт жалындап күйүп трансформаторго жетсе, ал жарылат, ал эми тегерегинде жашаган эл эмне болот? Эч ким ойлогон жок, - деген шаар тургуну Бишкек шаарынын мэринен бул маселени чечип, таштанды төгүүчү жайды башка жерге орнотуп беришин өтүндү. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.