Кыргызстанда сутка ичинде коронавирустан 5 жаран каза болду
Коронавирус
Кыргызстанда сутка ичинде коронавирустан 5 жаран каза болду

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 527 адамдан табылып, 5 жаран каза болду. Оорудан кайтыш болгондордун бири Бишкек, бири Чүй облусунун, үч адам Баткен облусунун тургундары. 

Жалпы өлкө боюнча 1 миң 193 жаран каза тапты. Республикалык штабдан билдиришкендей ооруга эң көп чалдыккан Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл, Жалал-Абад облусунун тургундары болууда. Бишкекте - 108, Ош шаары - 51, Чүй облусу – 97, Ош облусу - 36, Талас облусу - 15, Нарын облусу - 7, Ысык-Көл облусу – 59, Жалал-Абад облусу – 105, Баткен облусунда - 49 адам илдетке кабылды. Ал эми акыркы бир күндө 518 адам сакайды. Өлкөдө жалпы 64 миң 887 адам коронавируска кабылса, 55 миң 824 киши айыкты.

Акыркы суткада 3 миң 963 ПЧР анализ жүргүзүлдү. Стационарда 3 миң 322 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 874 бейтап дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 1, үй карантининен 6 медкызматкер чыгарылган. 

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 662 учур катталды, алардын ичинен 3 464 медкызматкер сакайды.