Өлкөдө сутка ичинде коронавирус 479 адамдан табылып, 4 жаран каза болду
Коронавирус
Өлкөдө сутка ичинде коронавирус 479 адамдан табылып, 4 жаран каза болду

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 479 адамдан табылып, 4 жаран каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Бишкекте - 169, Ош шаарында - 26, Чүй облусунда - 77, Ош облусунда - 15, Талас облусунда - 23, Нарын облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 59, Жалал-Абад облусунда - 64, Баткен облусунда - 45 адам илдетке кабылды. Ал эми акыркы бир күндө 438 адам сакайып чыкты. Өлкөдө жалпы 66 миң 983 адам коронавируска кабылса, 57 миң 760 киши айыкты. 

Акыркы суткада 1 миң 293 ПЧР анализ жүргүзүлдү. Стационарда 3 миң 279 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 43 бейтап дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 20 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 3, үй карантининен 6 медкызматкер чыгарылды. 

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 козгогон диагноз менен медициналык кызматкерлер арасында 3 735 учур катталды, алардын ичинен 3 499 медкызматкер сакайды.