Бишкек шаарын каптаган кара түтүн
Элдик репортер
Бишкек шаарын каптаган кара түтүн

Бишкек шаарын каптаган кар түтүн абаны булгап жатат. Бул тууралуу шаар тургуну "Элдик репортерго" билдирүү жөнөткөн. Шаардын тегерегинде жашаган тургундар короолорунан чыккан жалбырактарды таштандыга таштабастан өрттөп жатышат. Жалбырак көмүр кычкыл газын жана ар кандай зыян заттарды өзүнө сиңирип алгандыктан, аны өрттөө абдан зыян. Өрттөлгөн жалбырактын түтүнү абаны булгап, экологияга олуттуу таасир тийгизип жаткандыгын буга чейин экологдор айтып келишкен. 

Бул жол Манас аэропорттунан келе жаткан жол. Түтүндөн жол көрүнбөйт. Бул жакта жашаган айыл тургундар жалбырактарды таштандыга таштабастан өрттөп салышат. Адам баласы тазалыкты өзүнөн баштаса. Канча адамдын убалына калып жатасыңар. Корооң таза болгону менен коом таза болбой жатат. Жалбыракты өрттөбөй эле таштандыга таштагылачы. Жалбырактын чириндисинен чыккан кара түтүн кандай гана ден соолукка терс таасирин берип атат. Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштар, Сокулук районундагы айылдар бүт эле кара түтүндүн алдында жашап жатышат. Күз келгенде эле ушул көйгөй башталат. Бишкек шаарынын мэри, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы ушул жалбыракты өрттөгөндөргө чара колдонсо. Экологияга кандай гана терс таасирин тийгизип жатат, - деген ачууланган автор. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.