ДССУ: COVID-19дун чектелүү вакциналары 2021-жылдын биринчи жарымында жеткириле баштайт
Коронавирус
ДССУ: COVID-19дун чектелүү вакциналары 2021-жылдын биринчи жарымында жеткириле баштайт

Коронавирустун чектелүү вакциналары 2021-жылдын биринчи жарымында жеткириле баштайт. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун илимий кызматкери Сумья Сваминатандын айтымына таянып, РИА Новости кабарлады. "Кийинки жылдын биринчи жарымында биз чектелүү гана вакцина жеткиребиз. Азыр аны пландап жатабыз", - деди ал. 

Сваминатан ДССУнун негизги максаты - биринчи кезекте тобокелчилик тобуна кирген адамдарды, медиктерди эмдөө экенин белгиледи. Илимий кызматкердин айтымында, азыркы учурда уюм вакцина иштеп чыккандардын баары менен иштешүүдө. Анткени дары-дармектерди жакшылап тандоо керек. Ал вакцинанын айрымдары улгайган бейтаптарга туура келсе, башкалары, сактоонун өзгөчө шарттарын талап кылышы ыктымал.