Ноябрь айында 157 мектеп окуучусу коронавируска чалдыкты
Коронавирус
Ноябрь айында 157 мектеп окуучусу коронавируска чалдыкты

16-ноябрга карата Кыргызстандын 157 мектеп окуучусу коронавируска чалдыккан. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, COVID-19 7 жаштан 17 жашка чейинки балдарда катталган. Бардык тастыкталган учурлар мектепке барууга байланыштуу эмес. Балдар үйдө ооруп калышты.

Белгилей кетсек, сентябрь айында балдар арасында коронавирус инфекциясынын 48 учуру, октябрь айында 315 учур аныкталган. Март айынан бери республикада жугуштуу пневмония жана COVID-19 ооруларынын 67 469 учуру катталды.