Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 55 млн 366 миң адамга чукулдады
Коронавирус
Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 55 млн 366 миң адамга чукулдады

Дүйнө жүзүндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 55 миллион 366 миң адамга чукулдады.

Бул тууралуу https://www.worldometers.info сайтына онлайн маалымат жарыяланды. Андагы маалымат боюнча коронавирусту АКШда 11,5 млн, Индияда 8,8 млн, Бразилияда 5,8 млн, Россияда 1,9 млн, Францияда 1,9 млн, Испанияда 1,5 млн, Улуу Британияда 1,3 млн адам жуктуруп алды.

Ал эми коңшу Казакстанда 121 миң 653, Өзбекстанда 70 миң 381 киши илдетке кабылды.

Кыргызстанда 17-ноябрдагы маалымат боюнча 67 миңдей киши илдет жуктуруп, анын ичинен 1203 бейтап каза болуп, 57миң 760 адам айыкты.

Дүйнөдө коронавирустан 1 млн 332 миңден көп бейтап каза болду.