Пневмония менен ооругандар үчүн томографиядан өтүү керек деген талап алынды
Коронавирус
Пневмония менен ооругандар үчүн томографиядан өтүү керек деген талап алынды

Пневмония менен ооруган бейтаптарды ооруканага жаткыруу үчүн компьютердик томографиядан өтүү керек деген талап алынып салынды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр, коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси Эльвира Сурабалдиева билдирди. 

“Учурда ар бир облуска бирден компьютердик томограф аппаратын сатып алуу боюнча пландар бар. Донорлор табылган, сатып алуу иштери боюнча процесстер жүрүп жатат. Ошол эле учурда бейтаптарды ооруканага жаткыруу үчүн компьютердик томографиядан өтүү керек деген талап алынды”, - деди ал.