Кыргызстанда бир суткада коронавирус 186 адамдан табылып, 3 жаран каза болду
Коронавирус
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 186 адамдан табылып, 3 жаран каза болду

Кыргызстанда бир суткада коронавирустан 3 адам каза болгон жана 186 адам жуктуруп алган. Каза болгондор Бишкектин жана Баткен облусунун тургундары. 

Ошол эле учурда 309 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда 1 миң 418 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 320 бейтап дарыланууда. 

“Бир күн ичинде өлкө боюнча жети медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 5 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 87 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 865 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет республикалык штаб. 

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 79 миң 845 адам вирусту жуктурган. Алардын ичинен 73 миң 870 киши айыгып чыкса, 1 миң 340 адам каза болду.