Кыргызстанда бир суткада коронавирус 157 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду
Коронавирус
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 157 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 157 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Ошол эле учурда 300 адам коронавирустан айыкты.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 303 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 155 бейтап дарыланууда. “Бир күн ичинде өлкө боюнча 3 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 3, стационардан 5 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 95 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 873 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 80 миң 182 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 74 миң 477 киши айыгып чыкса, 1 миң 344 адам каза болду.