Коронавирус дагы 162 кишиден аныкталды
Коронавирус
Коронавирус дагы 162 кишиден аныкталды

Жугуштуу коронавирус илдетинен бүгүн бир адам каза болду. Ал эми 162 адам вирусту жуктуруп алган. Республикалык штабдын билдирген маалыматына караганда, Бишкекте коронавирус 59 адамдан, Ош шаарында 11, Чүй облусунда 42, Ош облусунда 6, Талас облусунда 7, Нарын облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 25, Жалал-Абад облусунда 10 кишиден табылган. 

Ошол эле учурда бир сутка ичинде 237 адам коронавирустан айыгып чыкты. Аёосуз оорудан жалпы 1 миң 349 жаран каза болду. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 265 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 960 бейтап дарыланууда. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 80 миң 535 адам бул вирусту жуктуруп алган. Алардын ичинен 75 миң 57 киши айыгып чыкса, 1 миң 349 адам жашоо менен кош айтышкан.