Оксфорд университетинин коронавируска каршы вакцинасы даяр болду
Коронавирус
Оксфорд университетинин коронавируска каршы вакцинасы даяр болду

Оксфорд университетинин коронавируска каршы вакцинасы даяр болду. Окуу жайдын окумуштуулары менен "AstraZeneca" корпорациясы биргеликте иштеп чыккан вакцина Улуу Британияда 4-январдан тартып колдонууга чыгат. Бул тууралуу "Sunday Times" гезити британ өкмөтүндөгү өз булактарына таянып билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, жыл соңуна чейин өлкө бийлиги вакцинаны жактырышы керек. Алгач Оксфорд вакцинасы COVID-19га каршы эмдөө каражатын иштеп чыгуу боюнча «дүйнөлүк жарышта» лидер саналып келген. Бирок сыноонун үчүнчү баскычында анын натыйжалуулугу атаандаштарына салыштырмалуу кыйла төмөн экени аныкталган. Мындан соң окумуштуулар анын натыйжалуу боло турган түрдүү өлчөмдөрүн сынай башташкан. 

Корпорациянын башчысы Паскаль Сорио -препарат жактырылса ал атаандаш башка вакциналарга салыштырмалуу бир нече артыкчылыктарга ээ болот — баасы кыйла арзан туруп, аны Moderna менен Pfizer вакциналарындай -20, -70 градуста эмес, -2, -7 гана градуста сактоого мүмкүн болот, - деп билдирди. Белгилей кетсек, 28-декабрга карата дүйнө жүзү боюнча 80 миллион 700 миң кишиге коронавирус жугуп, 1 миллион 764 миң бейтап каза болду.