Түркияга жарандар эми ПЧР тесттин терс жыйынтыгы менен гана кире алат
Коронавирус
Түркияга жарандар эми ПЧР тесттин терс жыйынтыгы менен гана кире алат

Түркияга жарандар эми ПЧР-тесттин терс жыйынтыгы менен гана кире алат. Түркиянын өкмөтү өлкөгө кирип жаткан жүргүнчүлөр үчүн милдеттүү түрдө анализдин жыйынтыгын көрсөтүү талабын киргизди. 

Бул талапка ылайык, аба каттамы менен келген ар бир жүргүнчү ушул жылдын 28-декабрынан, ал эми жол транспорту менен келген ар бир жүргүнчү 2020-жылдын 30-декабрынан тартып ПЧР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүүгө милдеттүү. ПЦР-тест Түркиянын чек арасын өтүү учурунан 72 сааттан көп эмес убакытта жасалышы керек. 

Белгилей кетсек, жогоруда айтылган талап 2021-жылдын 1-мартына чейин иштейт. Ал 6 жашка чейинки балдарга тиешелүү эмес. Бул туурасында коронавируска каршы иш алып барган республикалык штабдан билдиришти.