Коронавирус 119 адамдан табылып, 4 адам каза болду
Коронавирус
Коронавирус 119 адамдан табылып, 4 адам каза болду

COVID-19 вирусу бүгүн 119 адамдан табылып, андан 4 адам каза болду. Кайтыш болгондордун үчөө Бишкек шаарынан, бирөөсү Ысык-Көл облусунан. Республикалык штабдын билдирген маалыматына караганда, Бишкекте коронавирус – 51 адамдан, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 28, Ош облусунда – 10, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 18, Жалал-Абад облусунда – 2 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 277 адам коронавирустан айыгып чыкты. Коронавирустан жалпы 1 353 жаран көз жумду. Пандемия башталгандан бери жугуштуу илдетти Кыргызстанда жалпы 80 654 адам жуктурган. Алардын ичинен 75 334 киши айыгып чыкса, 1 353 адам каза болду.