Коронавируска каршы Казакстанда чыгарылган вакцина мыкты деп табылды
Коронавирус
Коронавируска каршы Казакстанда чыгарылган вакцина мыкты деп табылды

Коронавируска каршы Казакстанда чыгарылган вакцина мыкты деп табылды. Бул өлкөнүн Саламаттык сактоо министринин орун басары Марат Шоранов сыноо учурунда жаны вакцина жогорку натыйжалуулукту көргөзгөнүн билдирди. 

Натыйжалуулук жагынан Россиялык "Спутник V" вакцинасы 92 пайызга чейин болсо, казакстандык QazCovid-in 96 пайызга чейин деп маалымдашууда. Жергиликтүү вакцинанын клиникалык сыноосунун үчүнчү фазасы үчүн үч миң ыктыярчы тартылган. Ал эми кийинки 2021-жылдын февраль айынан баштап Караганды дары-дармек комплексинде” өндүрүлүп жаткан россиялык "Спутник V" вакцинасы менен элди жапырт эмдөө башталат.