Кыргызстанда бир суткада коронавирус 189 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте вирус - 65 адамдан, Чүй облусунда - 63, Талас облусунда - 3, Нарын облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда - 24, Жалал-Абад облусунда - 10, Баткен облусунда 8 кишиден табылды. Ошол эле учурда 290 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда 1 миң 165 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 791 бейтап дарыланууда.
“Бир күн ичинде өлкө боюнча 4 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 6, стационардан 3 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 112 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды, алардын ичинен 3 миң 910 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.
Кыргызстанда жалпы 80 миң 843 адам илдет жуктурган. Алардын ичинен 75 миң 624 киши айыгып чыкса, 1 миң 354 адам каза болду.