Кыргызстанда бир суткада коронавирус 144 адамдан табылып, бир адам каза болду
Коронавирус
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 144 адамдан табылып, бир адам каза болду

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 144 адамдан табылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Каза болгон жаран Бишкекте жашаган. Ал эми бир сутка ичинде 215 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 912 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 288 адам дарыланууда. “Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медик коронавирус жуктуруп алды. Үй карантининен 7, стационардан 5 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 128 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 966 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирди штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 81 миң 656 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 77 миң 170 киши айыкса, 1 миң 361 адам каза болду.