Арча-Бешиктеги жергиликтүү тургундардын көйгөйү
Элдик репортер
 Арча-Бешиктеги жергиликтүү тургундардын көйгөйү

Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Арча-Бешик конушундагы Чортеков көчөсүнүн жолу 20 жылдан бери оңдолбой келет. Бизге кайрылган окурман мэрия ушул көкөйгө тийген жол маселесин чечип берсе деген үмүтүн билдирген.  

Жолдун абалы өтө эле начар, өзгөчө жаз, күз, кыш мезгилинде. Кышкысын карга кичине тапталып калганы менен жаз келери менен шорубузду кууратып атат. Жамгыр жааганда баткак, ысыкта сапырылган чаң, кышкысын мына мынтип тоң. Азыркы жаңы мэр көңүл буруп койсо жакшы болот эле,- дейт конуштун тургуну.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.