Кыргызстанда бир суткада коронавирустан 2 адам каза болду
Коронавирус
Кыргызстанда бир суткада коронавирустан 2 адам каза болду

Кыргызстанда бир суткада коронавирустан 2 адам каза болду. 170 адам инфекцияны жуктуруп алган. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Каза болгондордун экөө Бишкек шаарынын тургундары. 

Ал эми бир сутка ичинде 206 адам коронавирустан айыгып чыккан. Бүгүнкү күнү стационарларда 885 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 277 адам дарыланууда. Өлкө боюнча бир күндө 6 медик коронавирус жуктуруп алды. Үй карантининен 4, стационардан 5 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 134 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 975 медкызматкер айыгып чыккан.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 81 миң 826 адам коронавирус жуктуруп алса, Алардын ичинен 77 миң 376 киши айыккан, 1 миң 363 адам каза болду.