Кыргызстанда бир суткада коронавирус 135 адамдан табылып, 2 адам каза болду
Коронавирус
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 135 адамдан табылып, 2 адам каза болду

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 135 адамдан табылып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Каза болгондордун бирөө Бишкек шаарынын, экинчиси Баткен облусунун тургуну. Ал эми бир сутка ичинде 151 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 849 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 225 адам дарыланууда. Акыркы сутка ичинде 1 220 ПЧР изилдөө жүргүзүлгөн.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медик коронавирус жуктуруп алды. Үй карантининен 6, стационардан 4 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 146 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 7 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирди штаб. Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 82 миң 273 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 77 миң 902 киши айыгып чыкса, 1 миң 369 адам каза болду.