Кыргызстанда бир суткада коронавирус 107 адамдан табылып, 2 адам каза болду
Коронавирус
Кыргызстанда бир суткада коронавирус 107 адамдан табылып, 2 адам каза болду

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 107 адамдан табылып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус - 82 адамдан, Чүй облусунда - 8, Ош облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда - 10, Баткен облусунда - 4, Жалал - Абад облусунда - 1 кишиден табылды. Ал эми бир сутка ичинде 101 адам коронавирустан айыгып чыкты. Вирустан жалпы 1 миң 371 жаран көз жумду. Бир күндө Бишкекте жана Ысык-Көл облусунда бирден адам каза болду. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 839 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 241 адам дарыланууда. 

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медик коронавирус жуктуруп алды. Үй карантининен 5, стационардан 2 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 147 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 14 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб. 

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 82 миң 380 адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 78 миң 3 киши айыгып чыкса, 1 миң 371 адам каза болду.