Кара-Балта шаарындагы иштебей турган жол чырак
Элдик репортер
Кара-Балта шаарындагы иштебей турган жол чырак

Кара-Балта шаарындагы Т. Владимиров менен Жайыл Баатыр көчөсүнүн кесилишиндеги жол чырагы эки айдан бери иштебей турат. Мында улам жол кырсыктары күнү-түнү катталууда. 

Мына мынтип 2 айдан бери жол чырак иштебей, жөө жүргүнчүлөр жолдон өтө албай убара. Айдоочуларга да кыйын болууда, жол талашып, сүзүшүп кеткендер күнүгө кайталанып жатат,- деген автор видеосу менен бөлүшкөн. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселелерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.