Кыргызстанга коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү үчүн АКШнын Pfizer вакцинасы сунушталды
Коронавирус
Кыргызстанга коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү үчүн АКШнын Pfizer вакцинасы сунушталды

Кыргызстанга коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү үчүн АКШнын Pfizer вакцинасы сунушталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди. 

Кыргызстан коронавируска каршы эмдөө боюнча эл аралык COVAX программасына мүчө. Pfizer вакцинасы аталган долбоордун алкагында сунушталганын айткан министрдин орун басары, вакцинанын канчалык ыңгайлуу экени иликтенет - деди. 

Бул вакцина -70 градуста сакталышы керек. Ал эми Кыргызстанда буга техникалык жактан мүмкүнчүлүк жок. Ошондой эле, Үсөнбаев Россиянын вакцинасын алуу боюнча дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кабарлады.