Германия карантинди узартат
Коронавирус
Германия карантинди узартат

Германияда карантин дагы 8, ал тургай 10 жумага созулушу мүмкүн. Бул тууралуу канцлер Ангела Меркель билдирди.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө дээрлик эки миллион учур тастыкталды жана күн сайын каза болгондордун саны өтө жогорку деңгээлде - мисалы, шейшемби күнү 890го жакын бойдон калууда.

Мындан тышкары, бир күн мурун Германияда коронавирустун дагы бир түрү бар экендигин тастыкташты - бул жолу Түштүк Африкадан чыккан.