УКМК Сталиндик репрессияга байланыштуу документтерди санарипке өткөрөт
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК Сталиндик репрессияга байланыштуу документтерди санарипке өткөрөт

Экинчи Дүйнөлүк согуштун жана сталиндик репрессиянын тарыхый документтери УКМКнын жана Ички иштер министрлигинин архивинде. Бул тууралуу МККнын архив агенттигинин директору Мария Алыбаева Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, "жашыруун" деп табылган документтерди сактоо мөөнөтүн УКМК жана Ички иштер министрлиги белгилейт. "Менин билишимче, бөлүмдөр учурда маалыматтарды санарипке өткөрүп жатышат, айрым материалдар жарыяланат", - деди ал.